Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Токтогулдун тургуну короосунда декоративдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, келечекте шаар ичин кооздоону кыялданат (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын тургуну Эсен Байженов короосундагы 2 сотых жерге 30дан ашык ар түркүн өсүмдүктөрдү өстүрүп келет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, алардын арасында декоративдүү өсүмдүктөр да бар. Мындай кадамы менен өзү жашаган аймакты кооздоп, келген коноктордун кызыгуусун арттырат.

Келечекте шаар ичин кыргыздын улуттук баалуулуктары чагылдырылган дизайнын дал ушул декоративдик өсүмдүк менен жасалгалоону кыялданат.

Эгер шаар бийлиги шаардын кооздугу үчүн декоративдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп берүү сунушун киргизсе, четке какпай тургандыгын айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2079
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:21,   16.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×