Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогул районунан 55 бала эс алуу үчүн Чычкан капчыгайына жөнөп кетишти

Turmush -  Токтогул районунун айыл-кыштактарынан чогулган 55 бала экинчи агымда 8-июлда эртең менен эс алуу үчүн Чычкан капчыгайын көздөй жөнөп кетишти. Бул тууралу 8-июлда Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчынын орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруттук 2 чакан автобуска олтурган балдарды дарыгер менен жол коопсуздук кызматкерлери коштоп барышты.

Балдар Чычкан капчыгайындагы «Өйүш-булак» эс алуу борборунда эс алып, он күн болушат. Алардын ичинен 40 бала мамлекет эсебинен эс алышмакчы. Калган 15 балага ата-энелери эс алуу борборуна багытталган жолдомону өз акчаларына сатып беришти.

Айна Нават кызы белгилегендей, эс алуунун 1-агымында да 55 бала эс алган. Алардын 30у мамлекет эсебинен эс алышты. Калган 25 балага жолдомону эс алуучу өспүрүмдөрдүн ата-энелери, Токтогул районундагы мекеме-ишканалар жана айыл аймактары сатып беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 633
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×