Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогул шаарында 2,1 млн сомго кичи футбол аянтчасынын курулуш иштери башталды (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында кечээ, 23-июлда кичи футбол аянтчасын куруу иштери башталды.

Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин айтуусунда, кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи 31-августта болуп, колдонууга берилет.

«Шаардык мэриянын балансында болуп, шаардын жаштары, спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызмат кылат. Бул долбоордун жалпы каржылык суммасы 2 млн 100 миң сомду түзөт», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, курулуш иштери мэр М.Калмурзаевдин аракети менен 20 миңден ашык калкы бар шаарга жергиликтүү бюджеттин каражатынын жана КР Каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттын эсебинен башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×