Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогул районунда шайлоочулардын биометриялык маалыматын тастыктоочу тестирлөө иштери башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү максатында, участкалык шайлоо пункттарында биометриялык тестирлөөнү камсыз кылуу жөнүндө жыйын өттү. Анда райондук мекемелерден 4 жумушчу топ түзүлдү.

«Түзүлгөн топтор ар бир айыл аймакта 100 шайлоочудан кем эмес адамды биометриялык тестирлөөдөн өткөрөт. Шайлоочуларды тестирлөөдөн өткөрүү мэр, айыл өкмөт башчыларына милдеттендирилет», - деди район акими Майорбек Сатымкулов.

Жыйындан кийин аким М.Сатымкулов жана Токтогул шаарынын мэри И.Калмурзаев шаардагы Кыргызстан шайлоо участкасында биометриялык тестирлөөдөн өтүштү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3185
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×