Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: 3 жыл мурун пескоблок чыгаруучу цех ачкан Токтогулдун тургуну эми жыгач иштетүүчү станок да сатып алды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарынын тургуну Эсенбек 3 жылдан бери пескоблок чыгарган цех иштетип келет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бул чакан ишканада өзүнөн тышкары 4 жумушчу иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат.

«Өндүргөн пескоблок сатылбай калат деген коркунуч жок. Токтогул шаарынан жана райондун айылдарынан кардарлар келип, жүктөп кетет», - дешет жумушчулар.

«Быйылкы жылы жыгач иштетүүчү станокторду да ишке киргизип, курулуш үчүн жыгачтан терезе, каалгаларды, жыгач эмеректерди жасап жатабыз. Мындан сырткары, бал челектерге буюртма берип калышат. Жабдыктарды Кытайдан буюртма менен алдырабыз», - деди ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3109
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×