Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Токтогул шаарындагы ага-ини 3 бир тууган күнөскана иштетип, жылына 10 тоннага чейин бадыраң алат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарында 3 бир тууган ага-инилер мындан 3 жыл мурун 400 чарчы метр жерге күнөскана курушкан. Бул тууралуу алар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Алардын айтымында, күнөскананы курууга жалпысынан 700 миң сом каражат сарпталган. Ошол жылдан тартып эле ага бадыраң өстүрүп, жылына эки ирет түшүм алышат.

«Жаз мезгилинде 5 тоннадан 7 тоннага чейин, кышкысын 3 тоннадан ашык бадыраң алабыз. Түшүмдү ортомчусуз өзүбүз базарга алып чыгып сатабыз. Күнөсканага бадыраң өстүрүү биздин үй-бүлөдө кошумча киреше табуучу булак катары саналып калды. Аздыр-көптүр үй-бүлөнүн кемчилигин толуктап алууга жардам болууда», - деди бир туугандардын бири Байыш Канатов.

Бул иштин көзүн таап алган ага-инилер быйылкы жылы дагы 200 чарчы метр аянтка күнөскана куруп, чарбасын кеңейтүүнү көздөп жаткандыктарын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4230
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:21,   16.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×