Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Токтогулда 4 жылдан бери иштеп жаткан кондитердик цех эми үйлөнүү тойлорго 3 кабаттуу тортторду жасоодо (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында 4 жылдан бери иштеп жаткан «Айдай» кондитердик цехи жергиликтүү тургундарды таттуулардын түрлөрү менен камсыз кылып келүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Цехтин жетекчиси Рустамдын айтуусунда, өзгөчө күз жана кыш мезгилдеринде таттууларга буюртмалар көп түшөт.

«Күз айларында тойлор көп болуп, баш кошкон жубайларга арналган тортко суроо талап көбөйөт. Буюртма көбөйсө, 4 жумуш оруну түзүлөт. Торттордун баасы шаардан келген тортторго салыштырмалуу арзан сунушталат. Азыр үйлөнүү тойлорго 3 кабаттуу тортторду 4 миң сомго даярдап берүүдөбүз», - дейт ал.

Аталган кондитердик цехте пряник, булочка, кекс, пирог сыяктуу таттуулардын түрлөрү жасалат.

«Келечекте цехти заманбап жабдуу менен жабдып, дагы кошумча таттууларды даярдоо планыбыз бар. Бул аракет ишке ашып калса, дагы жумуш орундары түзүлүп, кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк болот», - дейт цехтин жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3078
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×