Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Токтогул районунун борбордук мал базарында малдын баасы арзан болууда

Turmush -  Токтогул районундагы «Шамшыкал» борбордук мал базарында малдын баасы арзан болууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бел-Алды айылынын тургуну Толукбек Жортконбаевдин айтымында, быйыл малдын баасы жылдагыдан арзан болууда.

«Жазында киреше табуу максатында 10 пайыздык насыя алып, мал баккам. Эми малдарды сата албай, убара болуудамын. Бажы Биримдигине киргенде малдын баасы кымбат болот дегенинен, көпчүлүгүбүз мал алганбыз, азыр сата албай кыйналуудабыз. Бүгүн 3 баш козу алып келсем, бирөөсү гана 4 миң сомго сатылды, калган экөө өтпөй калды. Эми аларды кайра айылга жүктөп кетем», - дейт ал.

Ал белгилегендей, учурда базарда 1 чоң койдун баасы 6 миң сом жана 1 уйдун баасы 35-40 миң сомдон болууда. Ал эми жылкыга суроо талап жок.

«Мындан 2 жыл мурун 80 миң сом болуп жаткан семиз жылкылар учурда 60 миң сомго да өтпөй калууда. Базарда малдын жакшы сатылбай жатышы кышкы тоют камдоого түйшүк жаратууда», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3173
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×