Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда Курман айтта 17 баш бодо мал, 20 баш кой союлуп, муктаждарга таратылды (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында кечээ, 24-сентябрда Курман айт майрамына карата 17 баш бодо мал, 20 баш кой союлуп, жетим-жесирлерге, карылар үйүнө, жалгыз бой адамдарга, 1-топтогу майыптарга жана муктаж адамдарга таратылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Союлган малдардын ичинен 11 баш бодо малды жана 15 баш койду Түркиянын Конья шаарынан келген «RIBAT» коомдук фондунун өкүлдөрү союшту.

Курмандыкка чалынган малдын эттери Токтогул шаарындагы жана Бел-Алды, Торкен, Жаңы-Жол айыл аймактарындагы 300дөн ашык үй-бүлөгө таратылды.

Муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы, райондук социалдык башкармалыгы жана шаардык мэрия тарабынан түзүлүп, райондук борбордук мечиттин көмөгү менен берилди.

Мындан сырткары, «Кетмен Төбө» коомдук фонду тарабынан 4 баш бодо мал союлуп, Токтогул райондук медресесине, шаардагы муктаж жарандарга жана Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды.

35

34

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2202
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:40,   15.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×