Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдун жаштары жергиликтүүлөргө Кыргызстан менен Тажикстандын футбол беттешин чоң экран аркылуу көрсөттү (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын жаштары Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын ортосундагы футболдук беттешти чоң экран аркылуу көрүүнү уюштурушту.

Уюштуруучулардын бири Стал Ашымовдун айтымында, футбол көрүүчүлөр буга чейин дүйнөлүк футбол оюндарын дагы чоң экран аркылуу көрүп келишкен.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2018-жылы Россияда өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо раундунун алкагында Тажикстандын командасы менен беттешти. Оюн кечээ, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Беттеш 2:2 эсебинде аяктады. Тажикстандын дарбазасына голдорду Бахтияр Дүйшөбеков менен Антон Землянухин киргизди.

«Бул беттешти көрүү үчүн Токтогулдун 100гө жакын футбол сүйүүчүлөрү келишти. Алар Кыргызстан курама командасынын оюнчусу А.Байматовдун алгачкы аракети менен жасалган голго жетине албай турушту. Оюндун толук жеңишин чыдамсыздык менен күтүштү. Футбол сүйүүчүлөр 13-октябрда боло турган Бангладеш-Кыргызстан беттешин чоң экран аркылуу көрүүнү уюштуруп берүүнү суранышууда»,- дейт иш чаранын демилгечиси Н.Көкүмов.

1

2

3

Кыргызстан алгачкы мүнөттөрдө эле чабуул жасап, каршылашынын дарбазасына бир нече кооптуу соккуларды узатты. Оюн башталгандан 7-мүнөтүндө кыргызстандыктардын пайдасына эсеп ачылды. Голду Бахтияр Дүйшөбеков киргизди — 1:0.

Кыргызстандын курамасы оюнду активдуу улантты, бирок дагы гол киргизүү ишке ашкан жок. Жакшы учурду дарбазанын жанынан Виталий Люкс кое берди.

Экинчи таймда тажикстандык команда оюндун жүрүшүн өзүнүн дарбазасынан алыстатууга аракет жасады. 65-мүнөтүндө болбой турган жерден эсеп теңелди- 1:1.

Аз убакыттан кийин Кыргызстандын командасынын дарбазасына 11 метрлик айып сокку белгиленди. Тажикстандык Фарход Васиев Павел Матяштын дарбазасына багыттаган тобу Тажикстанды алдыга чыгарды - 1:2.

Оюндун негизги бөлүгү бүтүп, ирандык калыс 4 мүнөт кошумча убакыт берди. Оюн кыргызстандыктардын жеңилиши менен аяктайт деп турган учурда Кыргызстандын курамасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин пенальти тебе турган болду.

Оюн жыйынтыгы 2:2 - тең чыгуу.

Фоторепортаж: Футбол. Кыргызстан — Таджикистан – 2:2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3130
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×