Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда майып жарандар арасында облустук спартакиада өттү

Turmush -  Токтогул районунда ден соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында облустук VI спартакиада болуп өттү.

Спартакиадага Жалал-Абад облусунун район, шаарларынан 8 команда катышты. Иш-чаранын ачылышында Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.Сатымкулов облустук спартакиаданын катышуучуларын жана конокторун кызуу куттуктап, ден соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп, сергек жашоого умтулуп жаткан мекендештерге терең ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чаранын уюштуруу комитетинин төрагасы, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн А.Камбаров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал эми спартакиаданын катышуучулары шахмат, шашки, коляска менен жарышуу, кол күрөш оюндары боюнча мелдешишти.

Мелдешке Жалал-Абад облустук спорт комитетинин жетекчисиниин орун басары З.Бекмурзаев калыстык кылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1371
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×