Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдагы айыл аймактардын башчылары отчет тапшырышты

Turmush -  Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов Чолпон-Ата, Кетмен-Төбө айыл аймактарынын башчыларынын отчетун укту. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, район акими алгач Чолпон-Ата айыл аймагынын башчысы Турат Абдыгуловдун жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу маалыматын укту. Айыл аймак башчысынын отчетуна жергиликтүү жашоочулар да кабардар болушту. Ошондой эле аймактык тескөөчү да элге өз отчетун берди. Жыйында жашоочулар пенсия, жөлөк пул маселелерин көтөрүштү.

Жыйында аталган аймактагы элди таза суу менен камсыздоо боюнча долбоор жазуу, бала бакча куруу, күнөскана иштетүү тапшырмасы коюлду.

Аймак башчысынын отчету канааттандырарлык деп табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1309
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×