Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдагы дааратканада табылган ымыркайды апасы менен таенеси таштаган, - РИИБ

Turmush -  Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасына ташталган ымыркайды алдын ала алынган маалыматка караганда анын апасы менен таенеси таштаган. Бул тууралуу Токтогул РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-январда кечинде 102 кызматына жергиликтүү тургундар тарабынан дааратканада ымыркай ыйлап жатканы тууралуу кабар түшкөн.

«Оперативдүү топ барганда дааратканада ак шейшепке оролгон наристенин ыйлап жатканына күбө болушкан. ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте ымыркай куткарылып, тез жардам кызматына тапшырылган. Учурда баланын абалы жакшы. Ал эми ымыркайды таштаган эне кармалды. Ал дааратканага киргенде көз жаргандыгын айтууда. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, дааратканага эркек ымыркай ташталган. Ымыркай даараткананын түбүнөн куткарылып алынган. Учурда ал Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×