Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Видео - Куткаруучулар Токтогулдагы дааратканага апасы таштап кеткен ымыркайды кантип алып чыгышты?

Turmush -  Куткаруучулар Токтогул районундагы жалпы даараткананын ичинен ымыркайды куткарып калышты.

ӨКМ билдиргендей, кечээ, 27-январда саат 21:47де ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынын ичинен жаңы төрөлгөн тирүү наристени чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, Токтогул районунун Майрам Эргешова аттуу тургуну дааратканадан ымыркайдын үнүн угуп, ӨКМдин 112 кызматына телефон аркылуу кайрылган.
ӨКМ тарабынан бул тууралуу маалымат берген тургунга жана куткаруучуларга сыйлык берилмей болду.

Ымыркайды дааратканага таштап кеткен эне — 1992-жылы туулган А.А. кармалды. Ал аталган райондун Сары-Согот айылынын тургуну экендиги маалым болду.

Токтогул РИИБден билдиришкендей, дааратканага ташталган ымыркайды алдын ала алынган маалыматка караганда анын апасы менен таенеси таштаган.

«Оперативдүү топ барганда дааратканада ак шейшепке оролгон наристенин ыйлап жатканына күбө болушкан. ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте ымыркай куткарылып, тез жардам кызматына тапшырылган. Учурда баланын абалы жакшы. Ал эми ымыркайды таштаган эне кармалды. Ал дааратканага киргенде көз жаргандыгын айтууда. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4181
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×