Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда дааратканага ташталган ымыркай менен энесинин абалы жакшы

Turmush -  Токтогул шаарындагы дааратканага ташталган ымыркайдын абалы жакшы. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Роза Мамазалиева билдирди.

Анын айтымында, дааратканага ташталган ымыркай менен эне учурда Токтогул аймактык ооруканасында өзүнчө бөлмөдө жатышат, эне-баланын абалы жакшы.

«Эртең 13 адамдан турган райондук балдар иштерин кароо боюнча комиссия эне менен бала боюнча чечим чыгарат. Биз энеси Мээрим менен сүйлөштүк, ал дааратканага барган учурда баласын түшүрүп алганын айтууда», - деп билдирди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-январда куткаруучулар Токтогул районундагы жалпы даараткананын ичинен ымыркайды куткарып калышкан.

ӨКМ билдиргендей, 27-январда саат 21:47де ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынын ичинен жаңы төрөлгөн тирүү наристени чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, Токтогул районунун М.Эргешова аттуу тургуну дааратканадан ымыркайдын үнүн угуп, ӨКМдин 112 кызматына телефон аркылуу кайрылган. ӨКМ тарабынан бул тууралуу маалымат берген тургунга жана куткаруучуларга сыйлык берилмей болду.

Ымыркайды дааратканага таштап кеткен эне — 1992-жылы туулган А.А. кармалды. Ал аталган райондун Сары-Согот айылынын тургуну экендиги маалым болду.

«Оперативдүү топ барганда дааратканада ак шейшепке оролгон наристенин ыйлап жатканына күбө болушкан. ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте ымыркай куткарылып, тез жардам кызматына тапшырылган. Учурда баланын абалы жакшы. Ал эми ымыркайды таштаган эне кармалды. Ал дааратканага киргенде көз жаргандыгын айтууда. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», - деп айтылат Токтогул РИИБ билдирген маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3955
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×