Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Дааратканага ташталган ымыркай: Таенеси наристенин абалын өз жоопкерчилигине алды

Turmush -  Токтогул районундагы даараткананын түбүнөн чыгарылган ымыркай бүгүн төрөт бөлүмүнөн чыгарылат.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси Роза Мамазакированын айтымында, кечээ, 2-фералда райондук балдар иштери боюнча  комиссиясынын отуруму болуп, 11 адамдын ичинен жети мүчө катышты.

Комиссия мүчөлөрү соттун чечими жоктугуна байланыштуу энелик укуктан ажыраткан эмес. Соттун чечими чыкканга чейин эне-баланы Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилди.

«Эне-бала менен жекече иштөө планы түзүлүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштеген инспекторго күн сайын ымыркайдан кабар алып туруу жагы милдеттендирилди. Отурумга баланын таенеси да катышып, ал жалгыз уулу бар экенин, небереси уулуна шерик болоорун билдирип, ымыркайдын абалын өз жоопкерчилигине алды», - дейт Р.Мамазакирова.

Соттун чечими чыкканга чейин эне-бала Токтогул райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча комиссиясынын көзөмөлүндө турат. Буга чейин дарыгерлер алардын абалы жакшы экенин айтып, ооруканадан чыгарууга уруксат беришкен. Бирок, Токтогул райондук балдар иштери боюнча комиссия чечим чыгара электигине байланыштуу чыгарылган эмес.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-январда куткаруучулар Токтогул районундагы жалпы даараткананын ичинен ымыркайды куткарып калышкан.

ӨКМ билдиргендей, 27-январда саат 21:47де ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынын ичинен жаңы төрөлгөн тирүү наристени чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, Токтогул районунун М.Эргешова аттуу тургуну дааратканадан ымыркайдын үнүн угуп, ӨКМдин 112 кызматына телефон аркылуу кайрылган. ӨКМ тарабынан бул тууралуу маалымат берген тургунга жана куткаруучуларга сыйлык берилмей болду.

Ымыркайды дааратканага таштап кеткен эне — 1992-жылы туулган А.А. кармалды. Ал аталган райондун Сары-Согот айылынын тургуну экендиги маалым болду. Алгач камакка алынган эне ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3259
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×