Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдун 25 жаштагы тургуну марихуана затын аттын куржунуна артып келе жатканда кармалды

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылынын 1991-жылы туулган тургуну 5 мүшөккө кургатылган марихуана затын аттын куржунуна артып келе жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 1-февралында Жалал-Абад ОИИБдин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана ИИМдин баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү адам кармалган.

Аталган факт боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине катталып, далил зат катары алынган баңги затка Токтогул РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда кылмышка шектүү болуп кармалган жарандын шериктеринин өздүгүн аныктап, кармоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ушул жылдын алгачкы айында Жалал-Абад облусунун аймагында баңги заттар менен байланышкан кылмыштардан 15 факты аныкталып, 139 кг 289 гр баңги заты табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1163
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×