Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Дааратканага ташталган ымыркай: Наристеге Марс деген ысым ыйгарылды, ал таенесинин үйүнө чыгарылат

Turmush -  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар боюнча комиссия дааратканадан табылган ымыркайды төрөт бөлүмүнөн апасы менен чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Миграция боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ымыркайга Марс деген ысым ыйгарылды. Атабек кызы Айпери уулу Атабек уулу Марс менен апасынын үйүнө чыгат. Аларды Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы көзөмөлдөп турат. Социалдык кызматкерлер ымыркайды күн сайын текшерип турушат.

Токтогул райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришкендей, Айпери 2014-жылы Атабек уулу Бекболго турмушка чыккан. Алардын 1,5 жаштагы кызы бар. Марс 2 килограмм 235 грамм салмакта төрөлгөн. Бою 47 см.

Комиссиянын жыйынына Атабек кызы Айперинин апасы Сакишова Советгүл да катышкан.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-январда куткаруучулар Токтогул районундагы жалпы даараткананын ичинен ымыркайды куткарып калышкан.

ӨКМ билдиргендей, 27-январда саат 21:47де ӨКМдин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы дааратканасынын ичинен жаңы төрөлгөн тирүү наристени чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Маалым болгондой, Токтогул районунун М.Эргешова аттуу тургуну дааратканадан ымыркайдын үнүн угуп, ӨКМдин 112 кызматына телефон аркылуу кайрылган. ӨКМ тарабынан бул тууралуу маалымат берген тургунга жана куткаруучуларга сыйлык берилмей болду.

Ымыркайды дааратканага таштап кеткен эне — 1992-жылы туулган А.А. экени белгилүү болду. Ал аталган райондун Сары-Согот айылынын тургуну. Алгач камакка алынган эне ден соолугуна байланыштуу ооруканага которулган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×