Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогул райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун төрагасы болуп К.Дербишев шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-февралда Токтогул райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун кезектеги 9-сессиясы болуп өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сессияда кошмо жыйналышынын президиумунун төрагасы шайланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен райондук жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун төрагасы болуп К.Дербишев шайланса, тең төрагалары болуп Ничке-Сай айылдык кеңештин төрагасы, Сары-Камыш айылдык кеңештин төрагалары дайындалды.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М.Сатымкулов отчёт берди. Анын отчёту көпчүлүк добуш менен канааттандырарлык деп табылды.

Мындан сырткары, жыйында Токтогул районунун «Атайын эсеп» мамлекеттик ишканасынын 2015-жылы аткарылган иштери боюнча маалыматтар берилип, 2016-жылга пландалган иш-чаралар бекитилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2572
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×