Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдук окуучулар өздөрү шире жасап сатып, кайрымдуулукка каражат топтоп жатышат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун жаштары борбордук аянтка чогулуп, кайрымдуулук акциясын уюштурду. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, алгачкы кайрымдуулук акциясы 8-мартта өттү. Окуучулар майрамдык белекке бериле турган гүлдөрдүн түрүн дүң баада сатып алып, шаардын борбордук жайларында сатып өткөрүшкөн. Ошондой эле окуучулар өздөрү шире, таттууларды жасап, сатыкка чыгарды. Акциянын максаты — мүнкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү.

Акцияны демилгелеген Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Зарлык уулу Тилектин айтымында, иш-чарага райондогу Ж.Бөкөнбаев, Н.Бримкулов, Токтогул Сатылганов, Т.Ормонбеков атындагы мектептердин окуучулары катышты.

«Атайын урналар орнотулуп, тургундар урналарга өз салымдарын кошуп жатышты. Акциядан жалпы 10 миң сом акчалай каражат түштү. Чогулган акча банктагы эсепке салынып, кайрымдуулук акциясы дагы 1 ай улантылат. Акциядан чогулган каражатты жардамга муктаж адамдарга өз колубуз менен беребиз», - деди Тилек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1827
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×