Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Токтогулдук Г.Сасиева бир нече жылдан бери жемиш сатып, балдарын окутууда (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын борбордук базарында 15 жылдан бери жашылча-жемиш сатып иштеген Гүлмира Сасиева күнүнө 1 миң сомго чейин киреше табат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.

Ага жолдошу жардам берет. Жашылча-жемиштерди Бишкек шаарынан жана Жалал-Абаддан алып келген сатуучулардан алышат. Ар бир айга 380 сомдон патент төлөп берет. Үй-бүлөнүн 4 баласы бар.

Эки уулу учурда Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайда келишимдик негизде билим алууда. Ал эми 2 баласы учурда мектеп окуучусу. 6-класста билим алып жаткан уулу Эржан райондук өспүрүмдөр спорт мектебинде футбол ийримине катышат. Г.Сасиева келечекте андан мыкты спортчу чыгат деп үмүттөнөт. Ал эми Эржан футболдук мелдештерден бир катар медаль алууга жетишти. Жакында эле Таластагы мелдеште медаль тагынып келип, апасын сүйүнткөн.

«Азыр элде акча жоктугунан соодабыз салыштырмалуу бир аз жай болууда. Сезон эми башталат. Эл катары иштеп жатам. Эгер үйдө жумуш жок деп жатып алсам мага ким каралашмак эле. Келечекте балдарым да базардагы ысык-суукта кыйналбашы үчүн алардын жакшы билим алышына шарт түзүп жатам. Жумушубуз оор, суукта кыйналабыз, оор көтөрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1657
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×