Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулда айдоочусу уктап кеткен «Тойота» менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, чет элдик 5 жаран жабыркады

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки унаа сүзүшүп, чет элдик 5 жаран жаракат алды, деп билдирди бүгүн, 4-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкек—Ош унаа жолунун 293-чакырымында «Тойота Превиа» (айдоочусу 1979-жылы туулган Бактияр Тагаев, Баткен шаарындагы Сай көчөсүнүн №84 үйүнүн тургуну) унаасынын айдоочусу жолдо уктап калып, алдында бараткан жүк ташуучу (айдоочусу 1990-жылы туулган Хамидилла Ташланбаев) унаанын артынан сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Тойота Превианын» ичиндеги 5 жүргүнчү — Тажикстан Республикасынын Фахдат районунун тургундары жеңил жаракат алды.

Жабырлануучулар:

1. Шерихзада Бехруз, 1986-жылы туулган;

2. Ражжибаев Нарим, 1984-жылы туулган;

3. Хасанов Форхат, 1964-жылы туулган;

4. Юсупов Насип, 1964-жылы туулган;

5. Мансуров Уктам, 1988-жылы туулган.

Жабырлануучулар ооруканага кайрылган жок. Куткаруучулар жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1184
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×