Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдун тургундары касапкананын санитардык абалына нааразы (фото, видео)

Turmush -  Токтогул шаарындагы касапканада санитардык нормалар сакталбай жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Шаар тургуну Паризат Жөжөбаева касапканадагылар малдын ичеги-карындары жуулган суу төгүлгөн жерге топурак гана сээп коюшарын айтты.

«Ичеги-карындан чыккан суу төгүлгөн жерге топурак сээп коюу менен чектелишет. Көрүнбөсүн деп кээ бир жерине тал таштап коюшат. Санитардык нормалар сакталган эмес», - деди ал.

Касапкананын айланасындагы жашоочулар жергиликтүү бийликке жана тийиштүү тараптарга бир нече жолу кайрылганы менен жыйынтык чыкпай жатат. Айтымдарында, касапкананын ээси жогорку кызматта иштейт.

Ал эми касапкананын жетекчиси Муңайымкан Болпокеева санитардык нормалар сакталбай жатат деген пикирди четке какты. Айтымында, касапкана 30 жылдан бери иштеп жатат. Учурда цехтин ичинде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

«Райондо түзүлгөн комиссия келип көрүп кетти. Алар мурунку септикти жабыңыз дешти. Короонун ичине ичеги-карындан аккан суулар топтолуучу септик каздырып, мурунку септикти жапканбыз. Цехтин ичинде да оңдоо иштери жүрүп жатат. Бизде иштеп кеткен бир жумушчунун аялы ар тарапка арыз жазып, комиссия келип кеткен. Алар касапкана ачабыз деп жатышыптыр. Бирок алардын жайы калкка жакын жайгашкан деген жүйөө менен уруксат бербей коюшса, эми бизге асылып жатат. Мүмкүнчүлүк болсо алар да касапкана ачып иштетишсин», - деди Болпокеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2136
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×