Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Кара-Көлдүк Ш.Чымырбаев үй гүлдөрүнүн «ханышасы» (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 54 жаштагы тургуну Шайлоокан Чымырбаева 10 жылдан бери үйүндө гүлдүн түрлөрүн өстүрүү менен алектенет. Ш.Чымырбаеванын айтымында, ден соолугу начарлагандан тартып гүл өстүрүүнү баштаган.

«Мен ден соолугума байланыштуу 2000-жылдан бери үйдө отуруп калдым. Ооруп калгандан кийин үйдө бир нерсе менен алектенишим керек болуп, гүл өстүрө баштадым. Гүлдөр гүл ачканда рахат алам. Ошентип гүлгө болгон ышкызбоздугум улам артып отурду», - деди ал.

Чымырбаев учурда үйүндө гүлдөрдүн 30га жакын түрү бар экенин кошумчалады.

«Эң жактырган гүлүм — бонсай. Бул гүлдүн мекени Япония деп айтылганы менен мындан 2 миң жыл илгери байыркы Кытайда өстүрүлө баштаган. Анткени кичинекей дарак сымал өсүмдүктөрдү өстүрүү искусствосу байыркы Кытайда башталган. Алар чоподон жасалган кичинекей идиштерге дарак сымал гүлдөрдү өстүрүшкөн. Ал эми чоподон жасалган идишке өскөн гүлгө сууну көп куюу керек. Себеби чопо идиш нымдуулукту өзүнө көп тартып алат. Бул гүлүмдү ары-бери жылдырып, көп көңүл буруп карайм», - деди ал.

Чымырбаева 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2432
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×