Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулда «Жер энеге таазим» тазалык акциясы өттү (фото)

Turmush -  22-апрелде Токтогул шаардык мэриясы тарабынан «Жер энеге таазим» тазалык акциясы уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына мэриядан билдиришти. Акцияга шаардын тургундары, коомдук уюмдар, аялдар кеңеши, жаштар кеңеши жана мекемелердин кызматкерлери  катышты.

Акциянын максаты — шаарды таза кармоого үндөө. Тазалык акциясында таштандылар 4 түргө бөлүнүп жыйналды. Кайра иштетүүгө багытталган таштандылар үчүн атайын урналар орнотулган. Ал урналарга желим бөтөлкөлөр, айнек бөтөлкөлөр жана макулатура жыйналды.

Мындан сырткары таштандынын зыяндуулугу боюнча 2000 даана маалымат буклеттери таратылды. Акцияга катышуучулардын саны 400төн ашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1714
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×