Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз балык кармап келе жаткан аял Мамэкотехинспекциянын инспекторун сабады (фото)

Turmush -  Мыйзамсыз балык уулап жүргөн жарандардан Мамэкотехинспекциянын кызматкери жабыр тартты. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 6-майда Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз кармалып, сатууга алып келе жаткан эндемикалык балыктардын түрүнө кирген 60 даана форель жана 90 даана карась, 1 даана толстолобики балыктары кармалган.

Балыктар жүктөлгөн унааны башкарып бараткан М.А. (аял киши) аларды Т.Ү. (аял киши) аттуу жаранга сатып өткөрмөк. Бирок ал орто жолдон Мамэкотехинспекциянын Токтогул районундагы инспекторлору тарабынан Токтогул шаарындагы Азаке көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде кармалган.

«Кармалган жарандар инспекторлорго каршылык көрсөтүп, коомдук инспектор А.Абдишовдун денесине оор залака келтирген. Ал учурда Токтогул аймактык ооруканасына жаткырылды. Андан сырткары жабырлануучунун унаасына да зыян келтирилген.

Мыйзамсыз кармалган балыктар боюнча келтирилген зыяндын жалпы сумма 148 миң 975 сомду түздү. Бул фактылар боюнча тиешелүү материалдар топтолуп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2154
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×