Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулдун жаштары жардамга муктаждарга ун таратышты

Turmush -  Токтогулдук жаштардын кайрымдуулук акциясы жыйынтыкталып, шаардагы жардамга муктаждарга 1 тоннадан ашык ун таркатылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына акцияны уюштургандар маалымдады.

Уюштуруучулардын бири Тилек Сооронбаевдин айтымында, жаштар мүмкүнчүлүгү чектелген жана турмуш шарты оор жашоочуларды тандап алышып, жалпы 25 адамга 25 миң сомдук жардам көрсөтүштү. Каражатты шаардын жаштары ар кандай акцияларды уюштуруп жыйнашкан. Ар бир акцияда өздөрү үйдөн жасаган таттууларды сатышкан.

Мындан сырткары 19-май - Энелер күнүнө карата майрамдык концерт уюштуруп, каражат топтошкон.

«Бул иш-чара жаштарды ынтымак, биримдикке жана ишенимге чакырса, ал эми акцияга катышкандарга жүрөктөрүн жумшартып, кайрымдуу болууга чакырды», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1108
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×