Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулда өз жанын кыйган окуучу ата-энеси каза болгондуктан чоң энеси менен жашачу

Turmush -  Токтогул шаарында өз үйүндөгү дааратканада асынып каза болгон 8-класстын окуучусу Ж.у М. чоң энесинин колунда тарбияланып келген.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуучунун ата-энеси көп жыл мурун каза болгон. Бала жалгыз карындашы менен бирге чоң энесинин колунда тарбияланышчу.

«Жалгыз карындашына жана чоң энесине баланын каза болгону абдан оор тийди», - дейт алар.

Учурда бул окуя боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тийиштүү иштерди жүргүзүүдө.

Мурда маалымдалгандай, Токтогул районундагы Толук айылында дагы 10-класстын окуучусу өз жанын кыйган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1682
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×