Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогулда эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык турнир өтөт

Turmush -  28-майда Токтогул шаарынын борбордук аянтында эрежесиз эр таймаш боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга турнирди уюштуруучулардын бири Фархад Асанмолдоев маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдешке 57 кг салмактан 120 кг чейинкилер катышат. Турнирге Казакстандын мушкерлери да чакырылган.

«Биздин Кыргызстанда, анын ичинен Токтогул районунда жаш спортчулар көп. Биз аларга ар кандай турнирлерди уюштуруп берүү менен колдоого алышыбыз керек. Иш-чара райондун элин жалпы биримдикке чакырат. Токтогулдан чыккан ырчы, аткаруучулардын концертин да уюштуруу пландалып жатат», - деди Асанмолдоев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1331
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×