Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Токтогул шаарында аскердик парад өттү

Turmush -  Токтогул шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Майрамга район боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ооруктун эмгекчилери катышты. Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрүндө «Өлбөс полк» жөө жүрүшү уюштурулуп, ага 500дөн ашык окуучулар жана ыктыярчылар катышты.

Учурда Токтогул шаарында согуштун 1 ардагери жана ооруктун 1 эмгекчиси бар. Аларга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрация тарабынан акчалай сыйлыктар жана түстүү сыналгылар берилди.

Майрамдын жүрүшүндө эстеликке гүл коюлуп, согушта каза болгондорго арналып куран окутулду. Стадиондо куралдуу аскерлердин коштоосунда аскер парады уюштурулду. Иш-чара майрамдык концерт менен коштолуп, согуштун жана эмгектин ардагерлерине аскер боткосу берилди.

Мындан сырткары, 3 боз үй тигилип, сый тамактар уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1372
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×