Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулдук депутаттар футбол мелдештен 1-орунду ээлешти

Turmush -  Республика боюнча шаардык кеңештердин депутаттарынын арасында өткөн мелдеште Токтогул шаарынын командасы 1-орунду алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаттарынын арасында уюштурулган мелдеш 11-август күнү Кант шаарындагы «Абдыш-Ата» спорт комплексинде өттү. Ага республикадагы 17 шаардын депутаттары катышып, 1-орунду Токтогул шаары, 2-орунду Кайыңды шаары, 3-орунду Токмок шаары ээледи. Эстафетаны Токтогул шаардык кеңеши алгандыктан кийинки мелдешти алар уюштурат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×