Turmush — Кыргызстанда эски оюн — лянга «кайтып келди». Бул оюн Борбордук Азияда жаш балдар арасында кыйла популярдуу болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен дээрлик жоголуп кеткен болчу. Эми ага болгон кызыгуу кайрадан жанданып, оюн улуттук спорттун бир түрү катары каралууда.
Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстанда лянга жана шаттлкок федерациясы түзүлдү. Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте бул оюн расмий статуска ээ болгон биринчи өлкө болуп калды. Азыртадан эрежелер жана машыктыруучуларды даярдоо стандарттары иштелип чыгууда.
Демилгечиси Болотбек Марипов болду. Ал идея мектептеги сынак учурунда пайда болгонун, балдар да, чоңдор да оюнга кызыгуу менен катышканын айтып берди.
Лянганын маңызы жөнөкөй: оюнчу кичинекей топту буту менен тээп ыргытып, аны мүмкүн болушунча узак убакытка жерге түшүрбөөгө аракет кылат. Эң ийкемдүүсү жеңет. Топтун өзү да эл чыгармачылыгынын бир бөлүгү. 30-40 жыл мурда балдар аны колдо болгон материалдардан жасашчу. Негизине кичинекей коргошун колдонулуп, ага эчкинин же койдун жүнүнөн жасалган «канаттар» бекитилген.
«Лянга — бул менин балалык кезимдеги оюн. 40 жылдай мурда Кара-Балтада аны бардык мектеп окуучулары ойношчу. Ар бир короодо кызыктуу мелдештер өтчү. «Виси, люра, джанджи» деген элементтердин аталыштары сыр сөздөй угулуп, мелдештин кумары күчтүү болчу. Эмнеге экенин билбейм, ал кезде мектепте лянга үчүн мугалимдер аябай деле жазалабай, бирок тыныгуу учурунда мектептин коридорлорунда ойногонго аракет кылгандарга катуу эскертүүлөрдү беришчү. Балким лянганы классикалык эмес, көчө оюну деп эсептешкендир. Ошондуктан жылуу мезгилде биз мектептин артына качып, ал жерде жан дилибиз менен ойночубуз. Анан күтүлбөгөн жерден лянга унутулуп калды. Токсонунчу жылдар келди лянгага алым жетпей калды. 30 жылдай мен ал жөнүндө эч нерсе уккан эмесмин. Эми быйылкы Нооруз майрамында өткөн этно жармаңке учурунда балдардын лянганы кумарданып ойноп жатканын көрдүм», - деп Кара-Балта шаарынын тургуну жана жергиликтүү тарыхчы Максим Подгорный.
Бүгүн оюнга болгон кызыгуу кайтып келүүдө. Адистер анын айдан ачык пайдасын белгилешет.
«Лянга – бул жөн гана көңүл ачуу эмес, бул физикалык жана психикалык форманы сактоонун эффективдүү жолу. Оюндун негизги пайдасы төмөнкүлөрдү камтыйт: топту такай уруу зарылдыгы кыймылдардын тактыгын жана тең салмактуулукту өнүктүрөт. Оюн тынымсыз кыймылды талап кылат. Бул жүрөк-кан тамыр системасын бекемдейт жана организмдин жалпы туруктуулугун жогорулатат. Лянга ойноодо буттун булчуңдары, жамбаш муундары, ошондой эле дененин стабилизатор булчуңдары активдүү иштейт. Лянганы тебүү буттун майда моторикасын жана реакция ылдамдыгын машыктырат», - деп оюнду жайылтуучу, Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин дарылоо физкультура боюнча машыктыруучусу Асан Байбосунов билдирди.
Бишкекте алгачкы ышкыбоздордун турнири өттү. Ошондой эле, лянганы жогорку окуу жайларынын программаларына киргизүү жана Көчмөндөр оюндарына киргизүү пландалууда. Эксперттер оюндун эл аралык деңгээлге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет.