Turmush — Ош шаарынын ички иштер башкармалыгында милициянын генерал-майору Чыныбек Алиевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча кезектеги турнир болуп өттү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Спорттук иш-чараны уюштуруу жана конокторду тосуп алуу милдетин Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы аткарды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков, ИИМдин «Динамо» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Төрөкул Мадалиев, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Анарбек Мусаев, ошондой эле маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Турнирде мыкты чеберчилик көрсөткөн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын командасы коло медалга ээ болуп, атайын кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Экинчи орунду багындырган ИИМдин борбордук аппаратынын командасы күмүш медалга татыктуу болуп, кубок жана акчалай сыйлыктарды алышты.
Финалдык таймашта атаандаштарын татыктуу жеңген ИИМдин ички аскерлеринин командасы чемпион аталып, алтын медаль тагынып, башкы кубокко ээ болушту.
Мындан тышкары, генерал Чыныбек Алиевдин жубайы Дилярам Казакбаева үй-бүлөсүнүн атынан бардык командаларга кошумча акчалай сыйлыктарды тапшырып, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле турнирдин үзгүлтүксүз өтүшүнө салым кошкон медайымдар жана оркестр мүчөлөрү да сыйлыктан куру калган жок.
«Бул турнир 2006-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келе жатат. Быйылкы мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 14 команда катышып, өлкө ичиндеги укук коргоо кызматкерлеринин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди.
Бул иш-чара — Чыныбек Алиевдей мекен үчүн ак кызмат өтөгөн уулдардын элесин унутта калтырбоо менен катар, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин биримдигин чыңдап, сергек жашоону даңазалаган, мекенчилдик духту көтөргөн маанилүү саамалык болуп калды», - деп айтылат маалыматта.