Turmush — Манас шаарында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон Асан Жанышовду тосуп алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, аны калаа жетекчилиги, машыктыруучулар, спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты. Балбанга шаар бюджетинен 200 миң сом, анын машыктыруучусу Чыңгыз Пиримкуловго 60 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Анын машыктыруучулары бул күн тарыхий окуя экенин айтышты. Себеби Жалал-Абаддын тарыхында 2000-жылы Раатбек Санатбаев чоңдор арасында чемпион аталган. Бул тарых 26 жылдан кийин кайрадан жаңыланды.
- 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп, ага 20дан ашык өлкөдөн жүздөгөн спортчулар катышты. 21 жаштагы Асан Жанышов 87 кг салмак категориясында күч сынашты. Ал агачкы беттешинде түркмөнстандык атаандашын 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда казакстандык балбанды 8:0 эсебинде утту. Ал эми финалда ирандык атаандашын 11:4 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.
Спортчу жеңишке жетүү оңойго турбаганын айтып, мындан ары 2028-жылы Лос-Анжелисте өтчү Олимпиада оюндарына даярданарын кошумчалады.
- Асан Жанышов буга чейин да эл аралык мелдештерде ийгиликтерди жаратып келген. 2025-жылы Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан. Ага чейин 23 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында 3 жолу дүйнө чемпиону аталган.