Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ — УЛУТ КӨРКҮ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ» долбоорунун он жетинчи каарманы — Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арсы айылынын тургуну Жолдошбек кызы Аяна.
Кочкор району Нарын облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан. Анын жалпы аянты 6400 чарчы чакырымды түзөт. Райондо 11 айыл аймагы жана 35 айыл бар. Климаты кескин континенталдуу, кургакчыл жана шамалдуу болуп саналат. Кочкор Нарын облусунун башка райондоруна салыштырмалуу шамалдуу болгондуктан, карды учуруп кетет. Ошондуктан эл арасында бул аймакты «кар жатпаган касиеттүү кара Кочкор» деп атап коюшат. Кар жатпаганы үчүн илгертен бери кышкы жайыт (кыштоо) катары колдонулуп келет. Кар калың түшпөгөндүктөн, мал кыш бою оттоп, тоютту көп талап кылбайт.
Кочкор району географиялык жактан да өзгөчө мааниге ээ. Ал түндүгүнөн Чүй облусу, түндүк-чыгышынан Ысык-Көл облусу, батышынан Жумгал району, түштүгүнөн Нарын району менен чектешет.
Райондун аталышынын келип чыгышы
Кочкор аталышынын келип чыгышы тууралуу эл арасында ар кандай уламыштар айтылып келет. Алардын биринде бул аталыш бир кемпирдин кочкоруна байланыштуу экени баяндалат. Илгери соодагерлер Анжиянга мал айдап барып, сатып, ордуна кездеме жана башка буюмдарды алып келишчү экен. Ошондой күндөрдүн биринде бир кемпир арык, жүдөңкү кочкорун соодагерлерге кошуп берип жиберет. Жолдо ал кочкор соодагерлерге көп түйшүк жараткандыктан, алар аны уруп-тепкилеп айдап барышат.
Анжиянга жеткенде бардык мал сатылып, кемпирдин кочкору гана калып калат. Ошол учурда бир байдын ак кочкору менен аны сүзүштүрмөк болушат. Жолдо көп тепки жеп, чыңалып келген кочкор ак кочкорду сүзүп жыгат. Муну көргөндөр таң калып, кемпирдин кочкорун кымбат баага сатып алышат. Ошондон кийин эл арасында «ал кочкор келген жерде жакшы кочкорлор болот экен», «Кочкорго барабыз» деген сөздөр айтылып, жердин аты Кочкор болуп калган дешет.
Кочкор аймагы тарыхый жактан да маанилүү. «Кочңар-Башы» деген жердин аталышы Махмуд Кашгаринин XI кылымдагы дүйнө картасында кездешет. Бул өрөөнгө кыргыздар XVIII кылымдын 60–70-жылдарында көчүп келишкен. Эл бул жерди «кар жатпаган кара жер экен, малга жайлуу экен» деп, Кара-Коо деп атай баштаган. Кийин Анжияндан жана Кашкардан келген соодагерлер «Кочкор жери», «Кочкорго барам» деп айтып жүрүп, аймак Кочкор аталып калган.
72 күн бою өлкөнүн борбору болгон
1900-жылдары орустар келгенден кийин аймак Сазановка, 1912-жылы Столыпин району деп аталган. 1917-жылдан тарта кыргыздар кайра Кара-Коо деп айтышкан. 1922-жылдан кийин Сталин району, 1936-жылы кайра Кочкор району болгон. Ал эми 1950-жылы Кочкор экиге бөлүнүп, батыш тарабы Чолпон району аталган. 1963-жылы эки район кайра биригип, Кочкор району болуп калган.
Кочкор кыштагы, азыркы Кочкор районунун борбору, 1922-жылы түзүлгөн Тоолуу Кыргыз облусунун алгачкы расмий борбору катары бекитилген. Ал 72 күн бою өлкөнүн башкы шаары макамын сактап турган. 1920-жылдардын башында кыргыздардын чачыранды аймактарын бириктирип, өз алдынча мамлекеттүүлүктү түптөө демилгеси көтөрүлгөн. Ошол мезгилде Пишпек азыркы Бишкек уезддик деңгээлдеги гана калаа болгондуктан, Кочкор өрөөнү географиялык жана стратегиялык жактан ыңгайлуу жай катары тандалган.
1988-жылдын 5-октябрында Нарын облусу толугу менен жоюлуп, анын курамындагы бардык райондор, анын ичинде Кочкор району да Ысык-Көл облусуна бириктирилген. Бул мезгилде кочкорлуктар расмий түрдө Ысык-Көл облусунун тургундары болуп калышкан.
1990-жылдын 14-декабрында элдин суроо-талабы жана башкаруудагы ыңгайсыздыктардан улам бул чечим кайра өзгөртүлгөн. Нарын облусу кайрадан өзүнчө облустук макамга ээ болуп, Кочкор району 1990-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин Нарын облусунун курамында туруктуу калды.
Эмне үчүн Кочкор өзүнчө?
Эгер «кайсы жерден болосуң?» деп сурашса, көпчүлүк өз облусун айтат. Ал эми Кочкор районунун тургундары көбүнчө «Кочкордонбуз» деп өз районун аташат. Мунун да өз себеби бар. Кочкор тарыхый, маданий жана географиялык жактан өзгөчө аймак. Ал Нарын облусунун башка райондорунан климаты, жашоо-шарты жана салт-санаасы менен айырмаланып турат. Алардын сүйлөгөн говору (тил өзгөчөлүгү) нарындыктарга да, чүйдөгүлөргө да окшобой, өзүнчө бир ортолук мүнөзгө ээ. Кочкор Ысык-Көлгө, Чүйгө жана Нарынга жакын жайгашкандыктан, бул үч аймактын маданий өзгөчөлүктөрүн айкалыштырып келген эл деп айтсак болот.
Кооз жана өзгөчө жерлер көп
Чоң туз — деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашкан, табигый туз шахтасынын базасында түзүлгөн белгилүү дарылоо-санаторий.
Анын негизги дарылык касиети шахтанын ичиндеги туз аэрозолдоруна каныккан өзгөчө микроклиматка байланыштуу. Бул аба дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларына, анын ичинде астма, бронхит жана аллергия сыяктуу илдеттерге пайдалуу деп эсептелет.
Шахтанын ичинде бейтаптар уктап, эс ала турган атайын бөлмөлөр уюштурулган. Ошондой эле бул жерде муун ооруларына жана остеохондрозго пайдалуу туздуу көлмө бар. Көлмөдөгү туздун курамы жогору болгондуктан, адам сууга чөкпөй, калкып турат.
Күйгөн-Суу — Чоң-Туз аймагында жайгашкан өзгөчө жер алдындагы газдалган суу булагы. Маалыматтарга караганда, ал 80 метр тереңдиктен атылып чыгат.
Бул суунун негизги өзгөчөлүгү — ширеңке чагып жакындатканда, суунун үстү жалындап күйө баштайт. Мунун себеби суунун курамында метан газы жана күкүрт затынын болушу менен түшүндүрүлөт.
Эл арасында Күйгөн-Сууну «сыйкырдуу суу» же «жалындуу суу» деп аташат. Бул суу ашказан-ичеги жана айрым тери ооруларына пайдалуу деп эсептелет.
Ара-Көл — Чоң-Туз айылына жакын, деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте жайгашкан кооз жасалма көл.
Жай мезгилинде көлгө түшүүгө, башкача айтканда сүзүүгө болбойт. Бирок туристтер бул жерге балык кармап, табият койнунда эс алуу үчүн келишет.
Кыш мезгилинде Ара-Көл чыныгы жомоктогудай көрүнүшкө айланат. Катуу суукта көлдүн бети 70–80 сантиметрге чейин тоңот. Муздун бетинде өзгөчө кооз оймо-чиймелер жана сызыктар пайда болуп, айрым учурларда анын үстүндө автоунаа менен жүрүүгө да мүмкүн болот.
Кышында бул жерде коньки жана чана тебүү сыяктуу эс алуу түрлөрү популярдуу болуп, кышкы туризм өнүгүп келет.
Кочкордон чыккан атактуулар
Кочкор районунан Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик ишмерлер, агартуучулар, манасчылар жана өнөр адамдары чыккан.
Турдакун Усубалиев Теңдик айылында туулган. Ал Кыргызстанды чейрек кылымдан ашык — 1961–1985-жылдары башкарган улуу мамлекеттик ишмер. Анын тушунда Кыргызстан агрардык өлкөдөн кубаттуу индустриалдык-агрардык республикага айланган. Бишкек шаарындагы филармония, Өкмөт үйү, ЦУМ, Спорт ордосу сыяктуу заманбап имараттар, жүздөгөн завод-фабрикалар жана Төө-Ашуу туннели анын жетекчилиги астында курулган.
Баялы Исакеев Көк-Жар айылында туулган. Ал көрүнүктүү советтик-партиялык ишмер, Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, башкача айтканда өкмөт башчысы болгон. 1930-жылдары өлкөнүн экономикасын, маданиятын жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чоң эмгек сиңирген. Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, сөөгү Чоң-Таштагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине коюлган.
Абдыкерим Сыдыков Баш-Кууганды айылы жана Кочкор аймагы менен байланышкан кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири, коомдук ишмер катары белгилүү. Ал 1922-жылы Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесин көтөрүп, Кочкорду борбор катары сунуштаган негизги лидерлердин бири болгон.
Ишеналы Арабаев Кызыл-Туу айылында туулган. Ал улуу агартуучу, коомдук ишмер жана биринчи кыргыз алиппесинин — «Кыргыз алиппесинин» авторлорунун бири катары белгилүү. 1924-жылы жарык көргөн бул эмгек кыргыз балдарынын эне тилинде сабаттуу болушуна негиз салган. Ошондой эле Ишеналы Арабаев туңгуч улуттук гезиттерди чыгарууга да катышкан.
Осмонаалы Сыдык уулу Кызыл-Дөбө айылында туулган. Ал туңгуч кыргыз тарыхчысы жана окумуштуусу катары таанылган. 1913–1914-жылдары Уфа шаарында кыргыз тилинде анын «Мухтасар тарых-и Кыргызия» («Кыргыздардын кыскача тарыхы») жана «Тарых-и кыргыз Шадмания» аттуу алгачкы тарыхый китептери жарык көргөн. Бул эмгектер кыргыз урууларынын санжырасын расмий түрдө каттаган алгачкы булактардын катарына кирет.
Айсулуу Тыныбекова — 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында чоңойгон. Эркин күрөш боюнча дүйнөгө таанылган балбан кыз көптөгөн эл аралык мелдештерде өлкө намысын татыктуу коргоп келет. Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында аялдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу. Ал дүйнө чемпионаттарында бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеп, Азия чемпиону жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле Олимпиада оюндарында күмүш жана коло медалдарды жеңип алып, кыргыз спортунун тарыхына өзгөчө барак жазган.
Мен Кочкор районунда төрөлүп-өскөнүмө абдан сыймыктанам. Себеби Кочкор — Кыргызстандын так ортосунда жайгашкан, тарыхы бай, жаратылышы кооз, мыкты инсандарды тарбиялап чыгарган касиеттүү аймак. Биз да ошол инсандардын жолун улап, алардын жүзүн жер каратпай, билим алып, эмгектенип, өлкөбүзгө салым кошууга аракет кылабыз.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова
11. Жумгал районунун кызы — Сезим Рахатбекова
12. Тогуз-Торо районунун кызы — Мадина Алтымышова
13. Тоң районунун кызы — Айжан Бактыбекова
14. Чоң-Алай районунун кызы — Миргүл Рахманалиева
15. Араван районунун кызы — Бибинур Жанибекова
16. Ак-Суу районунун кызы — Аймарал Ажыбекова
17. Кочкор районунун кызы — Жолдошбек кызы Аяна